Жанылыктар
Талас району. Кесипке багыт берүү иш чарасы
2025-жылдын 15-апрелинде Талас районунун Ш. Нурбаев жана А. Оторбаев атындагы орто мектептерде кесип тандоо алдында турган жаш жеткинчектери үчун кесипке багыт берүү иш чарасы өттү. Балдар тест аркылуу, ар кандай методикалык инструменттердин жардамы менен өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн ачып, жашыруун таланттарын, күчтүү жактарын, кызыкчылыктарын көрсөтүштү. Балдарга мыйзамсыз миграциянын кесепеттери, https://zanyatost.kg/, https://migrant.kg/kg/ сайттары боюнча кененирээк түшүнүктөр берилди. Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү окуучулар шыктандыруучу китептер, блокноттор менен сыйланышты.